пятница, 29 июня 2018 г.

Кыргызстан тууралуу маалымат туристтер үчүн

Кыргызстан

Jump to navigationJump to search
Кыргызстан
Кыргыз Республикасы
Flag of Kyrgyzstan.svgГерб
Мамлекеттик ЖелегиМамлекеттик Герби
Мамлекеттик Гимни
Kyrgyzstan (orthographic projection).svg
Негизделген840-жыл (Кыргыз кагандыгы)
Эгемендүүлүк күнү31-август 1991-жыл
Расмий тиликыргызча — мамлекеттик тили
орусча — расмий тили[1]
Борбор шаарыFlag of Bishkek Kyrgyzstan.svg Бишкек
Ири шаарларБишкекОшЖалал-АбадКаракол
Башкаруу формасыПарламенттик-президенттик республика
Президент
Премьер-министр
Жогорку Кеңештин
төрагасы
Сооронбай Жээнбеков
Мухаммедкалый Абылгазиев
Дастан Жумабеков
Мам. диниИслам
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
85-чи - дүйнөдө
199 951 км²
4,4 % [2]
Калкы
• Бааланган (2017)
• Жыштыгы

 6, 140 200[3] адам (111-чи)
29 ад./км²
ИДП (САМ)
  • Бардыгы (2016)
  • Ар бир жанга

21,009 млрд. доллар [4] $ (135-чи)
3467[5] доллар $
ИДП (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

6,597[6] млрд. доллар $ (2016)
 1133[7] доллар $
АДӨИ ( 2015)0,664[8] (орточо) (120-чы)
Этнохоронимкыргызстандык
кыргызстандыктар
Акча бирдигиКыргыз Сому
(KGS, код 417)
Домени.kg
ISO кодуKG
ЭОК кодуKGZ
Телефон коду+996
Убакыт аралыгыUTC +06:00
Кыргызстан — (расмий түрү: Кыргыз РеспубликасыОрто Азиянын түштүк-чыгышында жайгашкан мамлекет. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан жана чыгыштан Кытайменен чектешет.
Кыргызстандын борбору — Бишкек, калкы жана аянты боюнча эң ири шаар.
Кыргызстандын калкы 6,0 миллиондон ашуун (2017-жыл) адам. Анын 72,6% (4 млн 6 миң) кыргыздар, 14,34% (816,2 миң) өзбектер, 6,87% (375,4 миң) орустар жана дунгандар — 64 565, уйгурлар — 52 456, тажиктер — 50 174, түрктөр — 40 953, казактар — 33 701, татарлар — 28 059, азербайжандар — 18 946, корейлер — 16 807, украиндер — 14 485, немистертүзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт.
Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 59,0%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар — 8,7% түзөт. Кыргызстан — Чыгыш менен Батышты бириктире турган тогуз жолдун тоомунда — борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан. Сулайман-ТооӨзгөндөгү тарыхый комплексСаймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзүТаш-Рабат тарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат.

Символдору[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби Жогорку Кеңештин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген. Авторлору — Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.
Гербдин алдыңкы фонунда Ак шумкар эркиндиктин символу болуп эгемен мамлекетибиздин эң башкы белгиси катары түшүнүк берип турат. Андагы Ысык-Көл менен Ала-Тоонун элестери улуттук сыймыгыбыздын куту сыяктуу кабылданып, нурун чачкан күндүн турушу — түбөлүктүүлүк менен бейпилчиликтин белгиси. Ал эми бул ыйык элестерди айланта Кыргыз Республикасы деген алтын түстөгү жазуу жана токчулуктун, мээрмандыктын түшүнүгүн берип, байгерчилик турмуштун жышааны — буудай менен пахтанын сүрөтү орун алган. Жогорудагы белгилер өлкөбүздүн жана андагы жашаган элдердин өнүгүүгө, келечекке болгон умтулуусун, биримдигин айкындап турат. Келечек муундун бактылуу жашоосуна багыт берип турган гербдеги элестер элибиздин эртеңки жаркын турмушуна болгон чакырыктай мааниге ээ.
Кыргыз Республикасынын туусу 1992-жылы 3-мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген. Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.
Кыргыз республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй төгөрөктүн ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган төгөрөктүн диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.
Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.
Кыргыз Республикасынын гимни — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен 1992-ж. 18-декабрында бекитилген.
Сөзү: Ж. Садыков, Ш. Кулуев,
Музыкасы: Н. Давлесов, К. Молдобасанов тийиштүү.

Кыргыз Республикасы жөнүндө[оңдоо | булагын оңдоо]

Администрациялык-аймактык бөлүнүш[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандын курамына 7 облус, 40 административдик район, 22 шаар жана 429 айыл-кыштактар кирет. Облустары (Бишкек шаарынан башкасы):

Бишкек[оңдоо | булагын оңдоо]

Бишкек — Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий, өнөр жай жана маданий борбору жана өлкөдөгү эң ири шаары. Өзгөчө бир административдик бирдиги. 1878-жылы негизделген. Аянты 12,7 миң га. Калктын саны — 874,4 миңге чукул (2012).
Бишкек шаары — саясий, экономикалык, илимий, административдик жана тарыхый-маданий борбор, республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары, чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер.

Чүй облусу[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандын картасы.
Ала-Тоо.
Соң-Көлдүн жанындагы жайлоо.
Администрациялык борбору Бишкек шаары болуп саналат.

Ысык-Көл облусу[оңдоо | булагын оңдоо]

Администрациялык борбору Каракол шаары болуп саналат.

Талас облусу[оңдоо | булагын оңдоо]

Администрациялык борбору Талас шаары болуп саналат.

Нарын облусу[оңдоо | булагын оңдоо]

Администрациялык борбору Нарын шаары болуп саналат.

Жалал-Абад облусу[оңдоо | булагын оңдоо]

Администрациялык борбору Жалал-Абад шаары болуп саналат.

Ош облусу[оңдоо | булагын оңдоо]

Администрациялык борбору Ош шаары болуп саналат.

Баткен облусу[оңдоо | булагын оңдоо]

Администрациялык борбору Баткен шаары болуп саналат.

Кыргызстандын географиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстан.
Кыргызстандын деңизге чыкчу жол жок. Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери.
Кыргызстандын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргызстандын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт.
Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 метрден жогору бийиктикте жайгашкан. Анын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт жана негизинен кеңдик тарапты карай бири-бирине жанаша узатасынан жайгашкан.
Чыгышта Тянь-Шандын негизги тоо кыркалары басымдуу тоо кыркасын түзүп, Меридиандык тоо кыркасынын районунда жакындашып кетет. Бул жерде Кытай, Казакстан чектешкен жерлерде Жеңиш чокусу (7439) жана Хан-Теңири (6995) көтөрүлөт.
Башкы орографикалык элементтер — Акшыйрак массиви, Какшаал тоо кыркасы,Кунгой жана Тескей Ала-Тоосу ж.б. Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка карай 925 километрга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 459 километргесозулат. Кыргызстандын аянты 198,5 миң квадрат километр.
Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери — 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыс жери — 394 метр (республиканын түштүк-чыгыш аймагында). Кыргызстан — тоолуу өлкө. Кыргызстанда тоолор бийик. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен-байлыктар бар. Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы — Нарын). Ысык-Көл, Соңкөл, Чатыркөл, Сарычелек сыяктуу кооз көлдөр бар.

Административдик бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

    • 7 Область,
    • 40 муниципалдык райондор,
    • 28 Шаарчалар,
    • 423 Айыл өкмөтү
ЖелекОблусАдминистративдик
борбору
Аянты,
км2
Калкы,
адам
1Flag of Chuy Province.svgЧүй облусуБишкек шаары ]][9]20 200814 900
2Issyk kul obl flag.svgЫсык-Көл облусуКаракол шаары43 100444 500
3Flag of Talas Province Kyrgyzstan.svgТалас облусуТалас11 400231 800
4Naryn obl flag.svgНарын облусуНарын45 200262 100
5желек
жок[10]
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад33 7001 036 700
6желек жок
[10]
Ош облусуОш шаары29 2001 130 900
7Batken obl flag.svgБаткен облусуБаткен шаары16 995441 100

Эгемендүү Кыргыз Республикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Президентти шайлоо жана «Мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнундө» Декларация[оңдоо | булагын оңдоо]
1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен КазакстандаӨзбекстанда ж.б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар АкаевКыргызстандын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5-февралда республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8-майда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19-апрелде “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31-августта “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20-октябрда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8-декабрда Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21-декабрда Алматыда Беларусь РеспубликасыРоссия ФедерациясыУкраинаАзербайжанАрменияКазакстанКыргызстанМолдавияТажикстанТүркстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан. 25-декабрда М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.


Майрамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Маалымат булагы[11]:
ДатасыАталышы
Үчтүн айынын 13үМухаммад пайгамбардын(САВ) туулган күнү
Айдын толушу мененОрозо айт
Орозо айттан 70 күндөн кийинКурман айт
Бугу айынын 1и1-май Эмгекчилердин күнү
Бугу айынын 5иКонституция күнү
Бугу айынын 9уЖеңиш күнү
Баш оонанын 31иКРнын Эгемендүлүүк күнү

Кыргызстандын аймак жана башкармалыктарга бекитилген унаанын тамга белгилери[оңдоо | булагын оңдоо]